Дарыгер иммунитетти көтөрүүдө сарымсак менен имбирдин маанисин айтты

Ден соолук бекем болуп, инфекциялык оорулардан оолак жүрүү үчүн дарыгер таза абага көбүрөөк чыгып, жөө басууну сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Күн сууктаганда тынбай имбирь менен сарымсак жей берүү иммунитетти бекемдөөгө жардам бербейт. Бул тууралуу дарыгер-иммунолог Марина Аплетаеванын айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.

Адис белгилегендей, иммунитет бекем болуш үчүн адам дайыма дени сак жашоо образын карманып, оорунун алдын алган чараларды көрүшү керек.

Иммундук системаны бекемдейт деген имбирь, сарымсак, лимон организмди ар кандай оорулардан жалгыз эле коргой албайт. Ал үчүн туура тамактанып, дене тарбия көнүгүүлөрүн да жасап туруу шарт.

Ден соолук бекем болуп, инфекциядан оолак жүрүү үчүн дарыгер таза абага көбүрөөк чыгып, жөө басууну сунуштады. Мындан сырткары, спорт менен алектенип, тез татымдан баш тартуу да маанилүү экендигин айтты.