Кытай Россия менен Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын коргоого даяр

Пекиндин мындай позициясы КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин согуштун аякташына 75 жыл толушуна карата Россиянын президенти Владимир Путинге жолдогон куттуктоо телеграммасында айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кытай Эл Республикасы Россия менен бирге Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын коргоого даяр. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Пекиндин мындай позициясы КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин согуштун аякташына 75 жыл толушуна карата Россиянын президенти Владимир Путинге жолдогон куттуктоо телеграммасында айтылган.

Си Цзиньпин россиялык кесиптеши менен Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти чечкиндүү түрдө жактоо, ошондой эле эл аралык адилеттик үчүн күчтөрдү бириктирүү жаатында иштөөгө даяр экенин билдирген.

Россиянын президенти Владимир Путин биринчи сентябрда ачык сабак учурунда Улуу Ата Мекендик согушта ырайымсыз түрдө кол салгандар ким болгонун, фашисттердин согуштук машинасын ким талкалаганы боюнча эч кандай шек болбошу керектигин айткан.

Путин: совет эли нацизмди кыйратканын эч качан унутпайбыз

Россиянын өлкө башчысы Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүн куткарууда Кызыл армиянын эмгеги зор болгонун белгилеген.

1945-жылдын 2-сентябрында Япония өлкөсүнүн өкүлдөрү АКШнын "Миссури" авиация учагынын бортунда туруп, алты жылга созулуп, 55 миллиондой адамдын өмүрүн алган Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктагандыгына байланыштуу багынып берүү актысына кол коюшкан.

Документте АКШ, Кытай, Улуу Британия, СССР, Австралия, Канада, Франция, Нидерланддар жана Жаңы Зеландия өлкөлөрүнүн кол тамгалары коюлган. Советтер Союзунан бул иш-чарага генерал-лейтенант Кузьма Деревянко катышкан.