Ээн-эркин чүчкүрө албай... COVID кызматтык этикетти өзгөрттү

Эми кызмат ордундагы адамдын жөтөлүп же чүчкүргөнү дагы жат көрүнүш катары эсептеле баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Коронавирус кызматтык этикеттин эрежелерин өзгөртүп, жаңы нерселерди киргизди. Алар тууралуу Sputnik радиосуна кызматтык протокол боюнча адис Татьяна Николаева айтып берди.

Эми кызмат ордундагы адамдын жөтөлүп же чүчкүргөнү дагы жат көрүнүш катары эсептеле баштады.

"Тирүү адам болгондон кийин капысынан жөтөлүп же чүчкүрүп ийишиңиз мүмкүн. Бирок мурункудай ээр-эркин эмес, сөзсүз оозду жүзарчы менен жабуу керек. Ошондой эле үндү катуу чыгарбоого аракет кылыңыз. Мындайда кыйналып кетем десеңиз, сыртка же дааратканага чыгып келиңиз. Анткени пандемия шартында чүчкүрүп отурсаңыз, кесиптештер вирус таратат деп жаман көрүшү мүмкүн. Айрымдар ачык эле айтып, мамилеңер бузулуп калышы дагы ыктымал", — деди Николаева.

Адистин айтымында, жүзарчы тандоодо дагы өтө сак болуу керек. Мисалы, бир жолу колдонуучу кагаз салфетканы адатта грипп же сасык тумоо болгон киши колдонот. Себебин айтпасак дагы түшүнүктүү.

Жоголуп кетпей, жооп бер. Дистанттык түрдө иштеген жамааттагы этикет

"Андыктан таза, тыкан, үтүктөлгөн жүзарчы сала жүрүүнү адатка айлантыңыз. Аныңыз сумканын түбүндө эмес, кол оңой жеткен жерде болушу керек", — деди этикет адиси.

Мындан тышкары, жөтөл же чүчкүрүк бирөөнүн сөзүн буруп коё турган болсо, бул үчүн кечирим сурап коюу ашыкча болбойт.