Вирус жуктурган медиктер жана өлүм катталган жок. 3-сентябрга карата статистика

Адистер эпидемиологиялык абал акырындык менен турукташып келе жатканын айтууда. Ошол эле учурда өкмөт жарандарга өзүн таштап койбой, санитардык эрежелерди сактоого чакырып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Өлкө боюнча өткөн суткада коронавирустан 279 бейтап айыкса, 99 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек шаары – 134;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 14;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 24;
  • Баткен облусу – 42.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктурган жаңы учурлар:

  • Бишкек шаары – 17;
  • Ош – 2;
  • Чүй облусу – 3;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 16;
  • Жалал-Абад облусу – 20;
  • Баткен облусу – 20.

Акыркы 24 саат ичинде коронавирустан көз жумгандар катталган жок. Кыргызстанда вирус жалпы 1 060 адамдын өмүрүн алган.

Министрлик: COVID-19 балдар арасында дагы оор формада өтөрү маалым болду

Ушуну менен өлкөдө коронавирус 44 135 адамдан табылса, анын 39 174ү ооруну жеңди.

Бүгүн дагы медиктер арасында вирус жугузуп алгандар кездешкен жок. Ошол эле учурда 9 медицина кызматкеринин илдеттен айыкканы маалым болду.

Азыркы тапта коронавирус жуктурган 613 бейтап стационарда, 4 796 адам үйүнөн дарыланып жатат.