Радио

Талантбеков: жарым ай "Манаста" "айчык" деп берилген

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков айрым эл аралык уюмдардын аталышы учурунда туура эмес которулуп калганын айтты.
Sputnik
Талантбеков: жарым ай "Манаста" "айчык" деп берилген

"Кызыл жарым ай" дегенди "кызыл айчык" десе болот. "Манаста" жарым ай "айчык" деп берилет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, "айчык" белгиси көбүнчө туу бетинде колдонулган.

Талантбеков: "Манас" эпосунда чачтарач, сулуулук салонду "сүзгөр" дейт

"Өлкөдө "Кызыл жарым ай" сыяктуу чет элдик уюмдар көп. Алар социалдык, медициналык багыттагы иштерди жасап, көмөк көрсөтүп жүрүшөт. Эгемендүүлүк алган жылдары эл аралык уюмдар өлкөгө киргенде айрымдарынын аталышы орус тилинен түз которулуп калган. Бирок кыргыз тили бай экенин эске алуубуз зарыл. Алсак, "Манас" эпосунда ошол эле жарым ай дегендин башкача аталышы бар. Ал "айчык" деген сөз. Бул жарым ай түрүндө жасалган белги, эмблема, аталыш катары колдонулат. Андыктан "кызыл жарым ай" деп жүрбөстөн "кызыл айчык" деп колдонсо болот", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал "Манас" эпосунда азыр жаңы сөз катары кирип түз которулуп жүргөн башка сөздөрдүн да кыргызча аталыштары бар экендигин кошумчалады.