Депутат Тынчтык Шайназаров БШКга мүчө болду

Тынчтык Шайназаров буга чейин БШК мүчөлүгүнөн чыккан Назарали Ариповдун ордуна келди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган Шайназаровдун талапкерлигин Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-сентябрдагы отурумда карады. Жыйынтыгында 81 депутат колдоп, 4 депутат каршы болду.

Мандат алган 7 депутат парламентте ант берип, кызматына киришти

Тынчтык Шайназаров буга чейин БШК мүчөлүгүнөн чыккан Назарали Ариповдун ордуна келди. Арипов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкер катары катышарын билдирип, өз каалоосу менен кызматынан кеткен.