"Бүтүн Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоого катышуудан четтетилди

БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калган. Ошол себептен аларды каттоодон баш тартышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлерин каттоодон баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калган.

"Ошол себептен аларды каттоодон баш тартышкан. Мындан сырткары, талапкерлерди тандоодогу добуш берүүдө мыйзам бузуу фактылары катталган", — деп айтылат маалыматта.

Борбордук шайлоо комиссиясынын тогуз мүчөсү каттоодон баш тартууга добуш берсе, экөө ага каршы болгон.

Мындан сырткары, "Актив" партиясынын талапкерлери да катталган эмес. Билдирмеге ылайык, алар съезд өтө турчу күн тууралуу кабар беришкен эмес. Мындан улам БШК мүчөлөрү ага катыша албай калышкан. Аталган партия шайлоо күрөөсүнүн акысын да төлөгөн эмес.

Жогорку Кеңешке шайлоого катышууга уруксат алган партиялар. БШКнын тизмеси

Акыркы маалыматтар боюнча, 14 саясий партиянын талапкерлери катталды.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтөт.