Бишкекте беш унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Видео

Окуя кечээ түнү шаардын Ахунбаев — Абай көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуянын күбөсү кырсыктан кийинки көрүнүштү видеого тартып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкекте беш унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады. 

Жол кырсыгы 3-сентябрда түнкү саат 2:00дө Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөр тартып алган видеодо беш унаа жабыркаганын көрүүгө болот. Окуядан жапа чеккендердин так саны айтыла элек.

Асел Кадырбекованы сүзүп кеткен айдоочуну ырчынын үй-бүлөсү кечирди

Бишкек шаардык жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын коомчулук менен байланыш кызматы окуя тууралуу кененирээк маалыматты кийинчерээк берерин айтат.