Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасын ачып, элди кабыл ала баштады

Мындан ары коңшу өлкөлөрдүн жарандары эки жакка тең чектөөсүз кире алышат. Ошол эле учурда санитардык талаптар да аткарылышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бүгүндөн баштап Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара бекеттеринде жарандардын жана транспорттун кирип-чыгуусуна коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мындан ары коңшу өлкөлөрдүн жарандары эки жакка тең чектөөсүз кире алышат. Бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптарды кынтыксыз аткаруу талап кылынат.

Чек ара, инвестиция... Мадумаров Өзбекстандын премьери Арипов менен жолукту

Төмөнкү эрежелер сакталышы керек:

  • Соңку 14 күндө Кыргызстанда жүргөн же акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавирустун терс жыйынтыгын көрсөткөн ПЦР-тест тууралуу маалым каты барлар Өзбекстанга киргенде карантиндик көзөмөлгө алынбайт;
  • Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өткөрүү жайларында термометрия менен текшерилип, анкета толтурушат;
  • Кыргызстандан Өзбекстанга чыккан жана Кыргызстандын аймагында гана болуп келген өзбекстандыктар чек арадан өтүп жатканда карантиндик көзөмөлгө алынбайт.
  • Башка учурларда чек арадан өтүп жаткан жарандар бекитилген тартипке ылайык карантиндик көзөмөлгө алынат.

Кыргыз-өзбек жарандары "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Маданият" жана "Баймак-автожол" бекеттери аркылуу өтөт.

Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки протоколго кол коюлду

Ал эми транспорт каражаттары "Кадамжай", "Достук" жана "Кызыл-Кыя" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кирип-чыга алышат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрдан баштап Өзбекстан COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмегине кирген.