ЖМК: Лионель Месси жаңы келишимге кол койду. Эми 2 клубга ойнойт

Жаңы келишим беш жылга эсептелген. Төлөмдөрдүн айрым бөлүгү үчүн Мессиге City Football Group уюмунан үлүш сунуш кылышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Каталондук "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси "Манчестер Сити" клубуна ээлик кылган City Football Group холдинги менен келишимге барды. Бул тууралуу кабарды британдык Daily Record гезити жазды.

Маалыматка ылайык, тараптар 700 миллион еврону түзгөн беш жылдык келишимге макул болушкан.

Келишимге ылайык, 33 жаштагы футболчу англиялык "Манчестер Сити" клубуна үч жыл, компаниянын дагы бир "Нью-Йорк Сити" клубуна эки жыл ойноп берет.

Төлөмдөрдүн айрым бөлүгү үчүн Мессиге City Football Group уюмунан үлүш сунуш кылышкан. Өз кезегинде футболчу маянаны накталай алууга кызыкдарлыгын билдирген.

Ирмемди кармады! Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун кезектеги чеберчилиги видеодо

Аргентиналык футболчу "Барселона" командасында 2004-жылдан тарта ойноп баштаган. Каталондук клуб менен Месси 10 ирет Испания чемпионатын, алты жолу Испания кубогун, төрт жолу УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешин уткан. Чабуулчу "Барселона" клубунун катарында расмий беттештерде 634 гол (рекорд) киргизген.

Мындан сырткары, Лионель Месси алты жолу дүйнөнүн эң мыкты футболчусу деп тандалып, "Алтын топ" сыйлыгын алган жалгыз оюнчу.

Буга чейин "Барселона" чабуулчуну англиялык клубга сатууга макулдук бергени айтылган.