Ысык-Көлдө күндүзгү стационарлар жабылды

Эпидемия башталгандан бери 119 күндүзгү стационар ачылып, аларда 1 миң 655 орун түзүлгөн. Аларда 500дөн ашык кычкылтек концентратору пайдаланылган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

"Эпидемия башталгандан бери 119 күндүзгү стационар ачылып, аларда 1 миң 655 орун түзүлгөн. Азыр бардыгы жабылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Облустук жана райондук аймактык ооруканаларда кычкылтек тутумдары орнотулуп, мындан сырткары, облус боюнча 1 014 кычкылтек концентратору бар, алардын 593 даанасы ооруканаларда, калгандары күндүзгү стационарларда сакталып турат. Облус боюнча 15 стационардык жана төрт көчмө рентген аппараты бар.

Баткенде оору азайып, күндүзгү стационардын бардыгы жабылды. Сүрөт

Маалыматка караганда, учурда облус аймагында алты аймактык оорукана, алты үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, эки жалпы дарыгерлик практика борбору, 53 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 120 фельдшердик акушердик пункт бар. Аларда 740 дарыгер, 2 144 медайым жана облуска сырттан келген 52 дарыгер эмгектенүүдө.

Буга чейин Бишкекте жана айрым аймактарда стационарлар жабылган эле.