Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жер бүгүн кечке жуук силкинген. Табигый кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.

Ага ылайык, жер бүгүн, 1-сентябрда, 19:34тө силкинген.

Кочкор менен Жумгалда жер титиреди

Жер титирөө Баткен районунун Ак-Татыр айылында 4 балл, Үч-Дөбө, Рават жана Самаркандек айылдарында 3,5 балл, Лейлек районунун Кара-Суу айылында 3 балл, Баткен шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.