Майк Тайсон жана Рой Жонс беттешке кандай даярданып жатышат. Видео

Кесипкөй бокстан дүйнөнүн экс-чемпиондору Майк Тайсон менен Рой Жонс беттешке кызуу даярданып жатышат. Бокс легендаларынын машыгуудагы кадрлары YouТube-каналына жарыяланды.
Sputnik

Fighthype.com сайты жүктөгөн видеодо 54 жаштагы Тайсондун соккуларынын кубаттуу күчүн жана ылдамдыгын көрүүгө болот.

Ал эми атаандашы Рой Жонстун залда машыгып жатканы тартылган.

Кесипкөй бокстун чеберлери Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши 28-ноябрга белгиленген. Ардагер мушкерлердин жекеме-жеке чыгуусу 8 раундга ылайыкташкан. Беттеш буга чейин 12-сентябрда Калифорнияда болору айтылып, уюштуруучулар спорттук иш-чарадан түшүүчү кирешени арттыруу максатында кийинкиге жылдырышкан.

Тайсон акулалар менен кармашканда. Шоунун видеосу

54 жаштагы Майк Тайсон 58 жолу рингге чыккан. 50 атаандашын жеңген, анын 44үн нокаут менен уткан. Алты жолу утулган. Эки беттеш өтпөй калган. Ал кесипкөй бокстун Дүйнөлүк мушкерлер кеңеши, Дүйнөлүк бокс ассоциациясы жана Эл аралык бокс федерациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон.

Атаандашы Россиянын жарандыгын алган америкалык мушкер, дүйнөнүн экс-чемпиону Рой Жонс 50 жашта. Ал 2018-жылы карьерасын жыйынтыктаган. Спорттук жолунда Жонс 66 беттешин уткан. Анын ичинде 47 атаандашын нокаут менен жеңген. Тогуз жолу утулган.