БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус мамлекеттер жай турмушка кайтуу үчүн жасай турчу төрт негизги кадамды санап берди. Бул тууралуу ал Женевадагы брифингде билдиргени уюмдун YouTube каналында айтылат.
Гебрейесус белгилегендей, ДССУ карантинден кийин өлкөлөрдүн ачылышын колдойт, алдын алуу чараларын сактабаса апаат кайталанышы мүмкүн.
Адамзат COVID-19ду качан жеңет? ДССУ башчысынын билдирүүсү
"ДССУ коомчулуктун жай турмушка кайтуусун толугу менен колдойт. Биз элдин жумушка кайтып, балдардын мектепке барганын көргүбүз келет. Бирок мунун бардыгы коопсуз болушун каалайбыз. Вирусту катуу ооздуктаган мамлекет мурдагы жашоого тезирээк кайтат. Мамлекеттердин көзөмөлдү токтотушу — апаатка жол ачканга тете", — деген ал.
ДССУ башчысы жай жашоону баштан кечирүүдөн мурда жасала турчу төрт негизги кадамды тизмектеп берген:
- адам топтошкон жерден вирус бат тараларын эстен чыгарбоо. Адатта ооруну жуктуруп алуу түрдүү массалык иш-чараларда, анын ичинде түнкү клубдарда, стадиондордо, ири диний чогулуштарда катталып келет;
- өлүм санын азайтуу үчүн вирустун тобокел тобунда тургандарды бөтөнчө коргоо маанилүү;
- коомдук коопсуздукту камсыз кылууга ар бир киши салым кошушу керек. Ага бет кап тагынуу, гигиена эрежелерин сактоо, аралыкты кармануу сыяктуу жөнөкөй эрежелер кирет;
- бийлик оорулууларды аныктоо, обочолонтуу, тесттен өткөрүү, дарылоо иштерин тыкыр жүргүзүп, бейтаптар менен байланышта болгондорго көзөмөл кылышы керек.