Дагестанда аялдын оозунан жылан алып чыгыштыбы? Соцтармактагы видеого жооп

Кадрдан бир медицина кызматкери узун жандыкты көрүп коркуп, операция столунан кетенчиктей түшкөнүн көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Россиянын ЖМКларында дагестандык дарыгерлер аялдын оозуна кирип кеткен жыланды тартып чыгарды деген маалымат тарады.

Анда Леваши айылынын тургуну уктап калганда оозуна жылан кирип кеткени айтылган. Аялды ооруканага алып келгенде медиктер операция жасап? жандыкты оозунан сууруп чыкканы жазылган.

"Бешинчи канал" узундугу бир метрге чукул жыланга окшош жандыктын видеосун жарыялады.

Кадрлардан медицина кызматкери жыланга окшогон жандыкты көрүп коркуп, операция столунан кетенчиктей түшкөнүн көрүүгө болот.

Кош бойлуу аялга сойлоп келген жыланды кошунасы кармап алган видео

Окуя Дагестанда болгону белгиленген. Бирок РИА Новости агенттигине республиканын Саламаттык сактоо министрлиги маалыматты төгүндөдү.

"Дагестандын медициналык мекемелеринде мындай факт катталган жок", — деп билдирген министрлик.

Ошондой эле видеодо көрүнгөн жандык жыланга караганда ичтеги глист мите куртуна окшошуп жатканы белгиленген.