Бишкекте интернатта чоңойгон кыздар үчүн "Жаштар үйү" ачылды

Кыздар акысыз жашап, үч маал тамактанышат. Ошондой эле шык-жөндөмүнө жараша колледж, ЖОЖ, кечки мектеп сыяктуу билим берүү мекемелерине окууга киргизилет.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкекте жетимдер үйүнөн тарбияланып чыккан кыздар үчүн "Жаштар үйү" ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Киргизия-1" айылында жайгашкан 24 орундуу убактылуу жашоочу жай жалаң кыздарды кабыл алат.

Сузакта дайынсыз жоголгон үч бир тууган тилемчилик кылып жүргөн. Сүрөт

Аны "Жетим балдардын укугун коргоо" коомдук фонду ачты. Мындан ары "Жаштар үйүн" интернатта тарбияланып чыккан балдарга колдоо көрсөтүүнүн алкагында Бишкек мэриясы каржылайт.

"Кыздар акысыз жашап, үч маал тамактанышат. Ошондой эле шык-жөндөмүнө жараша колледж, ЖОЖ, кечки мектеп сыяктуу билим берүү мекемелерине окууга киргизилет. Зарыл болгон учурда аскердик каттоого тургузулуп жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна каттала алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин ушул сыяктуу дагы бир убактылуу жашоо жайы ачылган. Анда быйыл балдар үйүнөн чыккан 22 тарбиялануучу жашап жатат.