Эл вируска карабай келген. "Ала-Тоо" аянтынан 2 тонна таштанды чыкты

Бул былтыркы жылдагыга караганда бир топ эле аз экендиги белгиленди. Анда шаардыктар 16 тонна акыр-чикир калтырышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кечээ, 31-август өлкөнүн Көз карандысыздык майрамында, Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан эки тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитет белгилегендей, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу массалык иш-чаралар токтотулуп, анын ичинде кечээ күнкү майрамда адаттагыдай концерт уюштурулган эмес. Бирок эл к

ечинде салют аттырганда келип алган.

Эгемендиктин урматына атылган укмуштуудай салют. "Ала-Тоодон" алынган видео

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери эртеден кечке нөөмөткө туруп иштеп, "Ала-Тоо" аянтынан эки тонна таштанды чыгарышкан. Бул былтыркы жылдагыга караганда бир топ эле аз. Анда шаардыктар 16 тонна акыр-чикир калтырышкан болчу.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматы боюнча, кечээ тартип бузуулар же кандайдыр бир жагымсыз окуялар катталган эмес.