Өлүмү азыркыга чейин сыр. Депутат, диктор Сатыбалды Жээнбеков тууралуу 8 факты

Сатыбалды Жээнбеков "1980-90-жылдары бул ысым теледен, саясаттан, элдин, өлкөнүн алдыңкы адамдарынын оозунан түшчү эмес" деп эскеришет аны санаалаштары. Тилекке каршы, шум ажал саясий ишмерди 44 жашында алып тынган.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги кезинде жылдызы жанып, коңур үнү, принципиалдуулугу, акыйкат жана чыгаан инсан катары өлкө тарыхында калган Сатыбалды Жээнбеков тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.

Ал тууралуу маалыматтар уулу Кайрат Сатыбалдиевден, үй-бүлөлүк архивден жана жакын санаалаштарынан алынды.

Өлүмү азыркыга чейин сыр. Депутат, диктор Сатыбалды Жээнбеков тууралуу 8 факты

24 жашында мектеп жетекчиси болгон. Сатыбалды Жээнбеков 1952-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Бишкекке келип, чыгармачыл инсан болууну көздөп, филармониянын алдындагы окуу жайга тапшырат. Бирок атасы ал тандоосуна каршы чыгып, кайра айылына чакыртып алган. Кийин Москвадагы Мичурин атындагы педагогикалык институтуна тапшырып, ал жактан орус тили жана адабияты факультетин аяктаган. Окууну бүтүп келери менен мурда өзү билим алып кеткен Сузак районундагы Пушкин атындагы мектепке мугалим болуп орношот. Көп өтпөй 24 жашында ошол мектепке жетекчи болуп дайындалган. Азыркы тапта аталган окуу жайга Сатыбалды Жээнбековдун ысымы ыйгарылган.

Телеге байланган тагдыр. 30 жашында Сатыбалды Жээнбеков телеге дикторлорду тандоо жүрүп жатканын угуп, өз күчүн сынап көрүүнү чечет. Коңур үндүү, эки тилде так сүйлөгөн адам сынактан дароо өтүп, мамлекеттик каналда диктор болуп иштеп калган. Учурунда бирге иштеген кесиптештери белгилегендей, ал кезде эки тилде Жээнбековдой так сүйлөгөн диктор жокко эсе болчу. Андан кийин кесиптештеринин сунушу менен профсоюздук уюмдун төрагасы болуп шайланган. Жээнбеков дикторлуктан өз каалоосу менен кетип, кийин саясий-экономикалык программаларды алып бара баштаган.

Өлүмү азыркыга чейин сыр. Депутат, диктор Сатыбалды Жээнбеков тууралуу 8 факты

Ош коогалаңын курч чагылдырган кабарчы. Сатыбалды Жээнбеков 1990-жылдагы Ош коогалаңын кабарчы катары чагылдырууга өз каалоосу менен барган. Санаалаштары аны окуяны ачык-айкын, курч чагылдырып турган үлкөн журналисттердин катарында болгон деп эскеришет. Кийин ал легендарлуу парламентте синхрондук котормочу да болуп иштей калып, саясатты ийне-жибине чейин өздөштүргөнү айтылды.

КТРКнын алгачкы жетекчиси. Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүктү алып, көз карандысыз мамлекет болгондон кийин КТРК кайра түзүлүп, Улуттук телерадио корпорациясы деп аталат. Ага жетекчи болуп 1991-жылы Сатыбалды Жээнбеков дайындалган. Аны менен бирге иштешкен кесиптеш, санаалаштары Жээнбеков бийликтин артынан ээрчибеген, өзүнүн принциби бар демократ жетекчи болгон деп баалашат. Кезинде ал ГКЧПнын август айындагы окуясын (путч) теледен эч кимден коркпой, ачык-айкын көрсөтүп турган. Бирок бул кызматта ал көпкө кармалган эмес. 1992-жылы жетекчилик кызматтан кетип, "Кабар" мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалган. Кийин 1993-жылдан 1994-жылга чейин эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары да болуп эмгектенген. Кесиптештери белгилегендей, ошол мезгилде Жээнбеков "Молдокара"деген псевдоним менен публицистикалык макалаларды жазып баштаган.

Султан Жумагулов тууралуу кызыктуу 7 факты

Өлүмү азыркыга чейин сыр. Депутат, диктор Сатыбалды Жээнбеков тууралуу 8 факты

Бут тосуулар, ЖК депутаты. 1995-жылы "ЭрК"партиясынын атынан Сатыбалды Жээнбеков Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанат. Бирок үзөңгүлөштөрүнүн айтымында, анын эл өкүлү болушуна кезинде бут тосуулар көп болгон. Жээнбеков депутаттыкка Сузак округунан көрсөтүлгөн. Чагымчыл аракеттерге карабастан Сузак районунун эли саясий ишмерди бир добуштан колдоп берген. Ал мандатты да кеч алганы айтылат. Убагында Сатыбалды Жээнбеков 2000-жылы президенттик шайлоого катышат деген да кептер айтылган. Өзү да чогуу жүргөн адамдарына "балким даяр болуп калса,м президенттик шайлоого катышып калышым мүмкүн" деп айтканы бар.

Сырдуу өлүм. Коомдук жана саясий ишмердин өлүмү али күнгө чейин белгисиз, ачыла элек сыр бойдон. Сатыбалды Жээнбеков 1996-жылы май айында кырчындай 44 жашында дүйнө салган. Анын эмнеден каза болгонун үй-бүлөсү да, дос, кесиптештери да так билишпейт.

"Атам өзү деле эмне болуп ооруканага түшүп калганын билбей калыптыр. Анда биз кичинекей болчубуз. Апам туугандардын бири каза болуп ошол жакка кеткен. Атам белгилүү бир себептерден улам барбай калган экен. Ага көңүл айтабыз деп үйгө эки киши келип чогуу отуруп арак ичишет. Алар кеткенден кийин көп өтпөй атам өзүн начар сезип Тез жардам чакыртышкан. Ал да дароо келген эмес, ошол мезгилде телефон линиябыз да үзүлгөнү маалым. Ошентип ооруканага кеч жетип, ошол жактан үзүлгөн. Дарыгерлер атамдын ичеги-карыны тешилип, эзилип кеткенин айтышкан. Ага "уу берип коюшкан" деген да божомолдор бар. Бирок үйгө ким келгени, атам эмнеден көз жумганы али күнгө чейин белгисиз бойдон калды", — деди уулу Кайрат.

Өлүмү азыркыга чейин сыр. Депутат, диктор Сатыбалды Жээнбеков тууралуу 8 факты

Сатыбалды Жээнбеков менен үзөңгүлөш болуп жүргөндөр анын бийликтен коркпогонун, кемчиликтерин жашырбай бетке айтканын, эр жүрөк адам болгонун буга чейинки маектеринде бир нече ирет айтышкан.

Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты

Көп кырдуу талант. Сатыбалды Жээнбеков саясаттан тышкары мыкты аткаруучу, обончу болгон. Бир нече ырга обон жараткан. Мындан сырткары, ал бир катар документалдык тасмаларды дубляждаган.

Өлүмү азыркыга чейин сыр. Депутат, диктор Сатыбалды Жээнбеков тууралуу 8 факты

Улуу баласы жол кырсыгынан көз жумган. Сатыбалды Жээнбеков үч уулдун атасы. Тилекке каршы, улуу баласы Самат жол кырсыгынан көз жумган. Ал эми экинчи баласы Азат учурда Жер-Үй алтын кенинде иштесе, үчүнчү баласы Кайрат Казакстанда эмгектенет.