Ошто майрамга карата COVID менен күрөшкөн кызматкерлер сыйланды. Сүрөттөр

Көрүнбөгөн душман менен кармашууда алдыңкы катарда турган кызматкерлер жана колдоо көрсөткөн ыктыярчы, ишкерлер мэриянын Ыраазычылык катын алды.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгы онлайн форматта белгиленди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Ал эми салтанатка шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов, депутаттар, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ишкерлер жана маданият өкүлдөрү катышты.

Мэр эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбордук аянтта чакан иш-чара болуп жатканын белгилеп, шаардыктарды куттуктады.

“Быйылкы жыл биздин өлкөбүз, анын ичинде Ош шаарында да чоң сыноо —  коронавирус илдети менен коштолду. Ушундай апаатта кеменгер элибиз бийик улуттук намысын, терең адамдык ариетин далилдеп, илдет катталган алгачкы күндөрү эле биримдигин, сабырдуулугун, мекенчилдигин көрсөтө алды”, — деп белгилеген Сарыбашов.

Жээнбеков COVID менен күрөшкөн 90 кызматкерге мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Тизме

Шаар башчысы март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип келген дарыгерлерге, милиционерлерге, ӨКМдин Ош шаарындагы башкармалыгына, аскерлерге, ыктыярчыларга, колдоо көрсөткөн ишкерлерге жана меценаттарга калаа тургундарынын атынан алкыш айтып, мэриянын Ыраазычылык катын тапшырды. Алардын арасында тазалык, транспорт, билим берүү тармагындагы кызматкерлер, ЖМК өкүлдөрү да бар. Ошондой эле жеке менчик медициналык клиникалардын жамааты да көңүл сыртында калган эмес.

Майрамдык иш-чара Ош облустук драм театрынын артисттери тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрүнүш менен башталып, шаардык маданият башкармалыгы уюштурган ырчылардын концерттик программасы менен уланды.