Ирмемди кармады! Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун кезектеги чеберчилиги видеодо

Алыкулов коргоочуну алдап, айып аянтчасында ыңгайлуу абалда турган командалашы Вагнер Лавга топту ыңгайын  келтирип чыгарып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов  "Кайрат"  футболдук клубунун курамында ички чемпионатта дагы бир голдук пасы менен көзгө көрүндү. Бул тууралуу казакстандык команда Instagram баракчасына жазып, видеосун жайгаштырды.

Казакстандын премьер-лигасынын кезектеги турунда Гүлжигит жана ал ойногон команда "Ордабасы" командасына конокко барып, 3:1 эсебинде утуп кайткан. Экинчи голду бразилиялык атактуу футболчу Вагнер Лав киргизген. Ага ыңгайлуу топту кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов ыңгайын келтирип чыгарып берди.

Футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстанда мыктылыгын көрсөтө баштады

Алыкулов демилгени колго алып, капталдан чабуулга кирген. Каршы чыккан коргоочуну алдап, айып аянтчасында ыңгайлуу абалда турган командалашы Вагнер Лавга топту алып берген. Ал башы менен дарбазага таамай багыттап, команданын эсеп артыкчылыгын көбөйткөн.

"Кайрат" футболдук клубу кезектеги жеңиши менен чемпионаттагы тизмеде көч баштап, жети упай менен алдыга озду.

Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында эки жылдык келишим менен Казакстандын  "Кайрат" клубуна өтүп, ойноп келе жатат.