Жетелеп жүрүп чоңойтуп... Лукашенконун уулунун сүрөттөгү ирмемдери

Sputnik

Николай бала чагынан эле эл көзүндө болуп келет. Алгач көпчүлүккө үч жашында чыккан. Андан бери атасы менен чет мамлекеттеги сапарларга кошо барып, ишембиликке катышып, фестивалдарга барып, шайлоолордо урнага бюллетень таштап, аскердин формасы менен куралдуу күчтөрдүн машыгууларында болуп турган. Ошондой эле резиденцияда түшүм жыйнап, кино жана спорт жылдыздары менен жолугуп, белектерди тапшырып турган.

Мындан сырткары, Ватикан, Кытай жана АКШга эл аралык сапарлары менен барып келген. Коля Лукашенко БУУнун башкы ассамблеясынын сессияларынын эң жаш угарманы болгонун да белгилей кетели.

Тик учак менен колуна автомат алып... Лукашенконун резиденцияга келген видеосу

Ал рим-католик чиркөөсүнүн башчылары Папа Бенедикт XVI жана Папа Франциск менен жолугушкан. АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, Венесуэланын президенти Уго Чавес, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен да жолугушкан. Ошондой эле Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Нурсултан Назарбаев, Ильхам Алиев, Эмомали Рахмон жана башка саясатчылар менен жакшы тааныш.

Николай 2016-жылы россиялык журналистке маек берип жатып, атасы сыяктуу өлкө башчы болууну каалабай турганын айткан. Азыр Лукашенконун уулу жаш хоккейчи жана биатлончу катары таанымал. Бош убактысында фортепианодо ойнойт. Ошондой эле атасына ар тараптан кеңеш жана колдоо көрсөтүп турат.

 

1 / 12
Николай алгач ЖМКга 2008-жылы апрелде чыккан. Ал убакта үч жаш жети ай болчу. Сүрөттө атасы менен ишембиликке чыккан кез
2 / 12
Сүрөт "Минск-2009" байк-фестивалында тартылган. Ал кезде президент уулун коркпостон мотоциклге отургузган
3 / 12
Ошол кездеги Россиянын президенти Дмитрий Медведев кичинекей Коляга алтын түстүү тапанча тапшырууда
4 / 12
Венесуэланын президенти Уго Чавес беларусиялык кесиптеши Александр Лукашенконун уулу менен саламдашууда
5 / 12
Коля кайрадан аскер машыгууларында. Бул ирет Россиянын президенти Владимир Путин менен бир кадрга түшкөн
6 / 12
Коля XXII Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин тартууда
7 / 12
Кытайга биринчи иш сапары. Александр Лукашенко уулу Николай Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань менен жолугушууда. Николай дароо кытайлардын жүрөгүн багындырып, аны "алтын чачтуу ханзаада" деп аташкан
8 / 12
Ошол эле президенттик шайлоодо бюллетень салган
9 / 12
2017-жылдын май айында Пекинде өткөн форумда. Президенттин уулу Кытай менен өзгөчө мамиледе, ал жакта да аны Беларусиянын белгилүү адамы катары билишет
10 / 12
Атасы менен баласы Сочиге көп келишет. Былтыр Россия президенти Владимир Путин менен лыжа тепкен
11 / 12
24-июнь, 2020-жыл. Беларусь президенти Александр Лукашенко уулу Николай жана ардагерлери Москвадагы Кызыл Аянтта
12 / 12
Николай Лукашенко Беларусь президентин колдоо митингинде. Сүрөт 2020-жылдын 16-августунда эгемендик аянтында тартылган