Бишкекте 6 мүнөт салют атуу үчүн бюджеттен 700 миң сом жумшалат

bishkekte-salyut-7-mln-som-zhumshalat Калааны жасалгалоо жана майрамдык салтанатты уюштурууга шаардык бюджеттен 2,7 миллион сом бөлүнгөнү айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Бишкекте алты мүнөт салют атылат. Бул тууралуу уюштуруу комитетинен билдиришти.

Фейерверкти уюштурууга 700 миң сом жумшалды. Ал "Ала-Тоо" аянтында саат 22.00дө башталат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы бул боюнча тактап берүүнү убадалаган, бирок маалымат бериле элек.

Кыйын күндөр өттү! Президент элди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

Буга чейин Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк майрамына карата калааны жасалгалоо жана майрамдык салтанатты уюштурууга шаардык бюджеттен 2,7 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. Уюштуруу иштерин Маданият министрлиги аткарган.

Иш-чаранын башкы режиссёру Эгемберди Чалабаев Sputnik Кыргызстанга ал майрамдын күндүзгү бөлүгүн өткөрүүгө жооптуу экенин белгилеп, салют боюнча айта алган жок.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүккө жеткенине 29 жыл толду. Буга чейин "Ала-Тоо" аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда майрамга карата салтанат өтүп, бирок ага эл чакырылбасы айтылган. Маданият министрлиги салтка айлангандай көчөгө чыгып топтолуп жүрбөөнү эскертип жатат.