Путин "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин жетекчилигин сыйлады

Россия президенти  Владимир  Путиндин мамлекеттик сыйлык ыйгаруу боюнча жарлыгында “Россия сегодня” эл аралык агенттигинин эки өкүлү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин директорунун орун басары Галина Кожинаны Россия президенти Владимир Путин "Ардак белгиси" ордени менен сыйлады.

Сыйлоо боюнча жарлык укуктук маалымат боюнча интернет-порталдын расмий сайтына жайгаштырылган.

Жээнбеков COVID менен күрөшкөн 90 кызматкерге мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Тизме

"РФте телеберүүнү санарип түргө өткөрүүдөгү долбоордун ишке ашуусуна кошкон салымы үчүн "Ардак белгиси" ордени менен Кожина Галина Ивановна — федералдык мамлекеттик унитардык "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директорунун биринчи орун басары сыйланат", — деп жазылган текстте.

Ошондой эле II даражадагы "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен Алиса Белановская — "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин коммуникация боюнча дирекциясынын башкармалыгынын жетекчиси да сыйланган.