Ала-Бука бийик тоолуу, абасы таза район болгондуктан вирус менен күрөшүүнү жеңилдетти. Бирок кардиологиялык илдети барлар үчүн оор болду. Бул тууралуу Феруза Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кайсы дары-дармек болбосун дарыгердин гана көрсөтмөсү менен колдонуу керек.
Коронавирустун экинчи толкуну эмнеси менен кооптуу? Каратаевдин жообу
"Адистер күзүндө коронавирустун экинчи толкуну болот деген божомолду айтып жатышат. Бул толкунга эң биринчи кезекте жүрөк оорусу бар адамдар даяр болушу керек. Буга алдын алуу иштери жардам берет. Азыркы учурда кан басымы, стенокардия оорусу менен жабыркагандар кан басымын нормалдаштыруучу, канды суюлтуучу препараттарды ичиши зарыл. Анан, албетте, дары-дармектерди дарыгердин индивидуалдуу консультациясы жок ичкенге болбойт. Себеби препаратты өз алдынча колдонгон учурда адамдын ашказан оорусу болсо аны козгоп, күчөтүп коюшу мүмкүн. Ошондой эле үйдөн дем алуу көнүгүүлөрүн жасап, дарыгердин кеңеши менен ромашка, ит мурун жана башка ушул сыяктуу дары чөптөрдү колдонсо болот. Эгер бейтаптын абалы оор болсо, анда адиске кайрылып олуттуу дарыланууга өтүшү зарыл", — деди Исмаилова.
Дарыгер иммунитетти көтөрүш үчүн куурулган тамактарды азайтып, табигый азыктарды колдонуу керектигин кошумчалады.