Кечээ Ошто коронавирустан бир киши акка моюн сунду

Ушул айда өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны кыскара баштады. Мисалы, акыркы үч күндө расмий түрдө коронавирустан көз жумгандар болгон жок.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Акыркы суткада коронавирустан бир киши каза тапканын Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, көз жумган киши Ош облусунда катталган.

Пандемия жалпысынан 1 059 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Август айынан тарта өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны кыскара баштады. Айрым күндөрү каза болгондор катталбаган учурлар да бар. Мисалы, акыркы үч күндө расмий түрдө коронавирустан көз жумгандар болгон жок.

Министрлик: коронавирус басаңдай элек, күрөштү токтотуу али эрте!

18-август күнгө карата 1 498 адамдын каза болгону айтылган. Бирок кийин Саламаттык сактоо министрлиги өлүмдүн саны боюнча статистика кайра караларын билдирген. Жыйынтыгында сегиз адамдын кайталап катталганы маалым болгон. Министрлик статистиканы тактап, 437 адам коронавирустан эмес, башка оорудан каза болгону аныкталганын кабарлаган