БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Күн сайын зайтун майын пайдалануу кан басымдын жогорулап кетишин алдын алат. Бул тууралуу Мельбурндагы Ла Троба университетинин (Австралия) окумуштуулары иликтеп чыкканын MedicalXpress журналы жазды.
Адистер иликтөө маалында 50 ыктыярчыны эки топко бөлүшкөн. Биринчи топ тамак-ашына үч апта бою жаңы сыгып алынган зайтун майын кошсо, экинчи топ майлардын башка түрүн колдонушкан. Ошол эле учурда алар кан басымга таасир этчү эч кандай дары-дармек ичкен эмес.
Кан басымды дарысыз эле көтөрсө болот. Үч жөнөкөй ыкма
Жыйынтыгында зайтунду пайдаланган топтогу адамдардын кан басымы орто эсеп менен 2,5 пайызга төмөндөгөн.
Окумуштуулар муну аталган өсүмдүктүн майында сезгенүү, ууланууга каршы активдүү заттар көп экени менен байланыштырып жатат.