COVID менен симптому жок ооруганда дагы иммунитет пайда болору айтылды

Роспотребнадзор башчысынын айтымында, дарттын симптому жок ооруган деп каттоого алынган 60 жашка чейинки кишилердин 30 пайызында антителолор кездешет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Коронавирус инфекциясын сипмтому жок өткөргөндөрдө дагы антителолор пайда болорун РИА Новости жазды. https://ria.ru/20200828/koronavirus-1576416602.html

Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысы Анна Попованын айтымында, текшерүүдөн өткөн россиялыктардын 24-26 пайызында иммунитет бар. Арасында вирустун клиникалык симптомдору билинбегендер да кездешет.

Коронавирустун көбөйүшүн токтото алчу витамин аныкталды

"Биз ушул тапта 70 миң кишиге изилдөө жүргүздүк. Буга байланыштуу коронавирус менен симптому жок ооругандарда, бөтөнчө балдарда иммунитет пайда болот деп айта алабыз", — деген Попова.

Мекеме башчысынын айтымында, илдеттин белгиси билинбеген балдардын 40 пайызында инфекциялык иммунитети бар экендиги белгилүү болду. Ал эми дарттын симптому жок ооруган деп каттоодо турган 60 жашка чейинки кишилердин 30 пайызында антителолор кездешет.