Кечээ үч медиктин COVID жуктурганы аныкталды

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында буга чейин 3126 учур катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча үч медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

"Алардын бири Бишкек шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда иштейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми бир суткада беш медицина кызматкери ооруканада, 11и үй карантининде жатып айыгып кетти.

Бир суткада коронавирустан 247 бейтап айыкса, кайра 125 адам жуктуруп алды

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында буга чейин 3126 учур катталса, алардын ичинен 2440 медик айыкты.