Үйүнүн чатырын талкалап жаны тынды. Аюунун жылмайткан видеосу

Мансур деп аталган аюу ага атайын коюп берген үйдүн чатырынын жыгачын бирден эрикпей сууруп чыккан. Ал тургай калган-каткан тактайлардын да "түбүнө жеткен".
Sputnik

Аюунун видеосу анын YouTube каналындагы атайын баракчасына жүктөлгөн.

Видеодон көлөмдүү аюунун жыгач үйгө атайын коюлган тепкич менен кирип, чатырчасынын тактайларын киши сымал бирден ажыратып жаткандыгын көрүүгө болот. Жыгачтарды кезеги менен бирден сууруп чыккан. Ал эми эң төмөнкүлөрүн кадимкидей салмагын салып, ортосунан талкалоого аракет кылганы кишини аргасыздан жылмайтпай койбойт.

Даракты кучактап кашынып, жонун тырматкан аюунун видеосу

Видеодогу россиялык аюу. Ал учурда Калуга облусундагы Орешково аэродромунда вольерде жашайт. Facebook тармагындагы баракчасындагы маалыматта, Мансур аттуу жырткычтын беш жашта экендиги, аны учкучтар өзүнүн камкордугуна алып багып келгендиги айтылат.

Мамалак кезинде белгисиз бирөөлөр аэродромго таштап кетип, аны Ил-14 учагын калыбына келтирүү менен алектенген авиаторлор багып алышкан.

Учурда Мансур жарым эркиндиктеги вольерде жашайт. Ага кам көрүп бүтүндөй бир команда иштесе, жырткычтын вольерине Андрей Иванов аттуу учкуч түзмө-түз кирип, карап турат.

Аюуну карагандар Мансур ээсин бир нече күн көрбөсө кадимкидей сагынып каларын да айтып беришкен.