КР дипломаттары министрликке 49 кычкылтек концентраторун тапшырды

Дипломаттар берген медициналык аппараттын арбыны өлкөдөгү дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигине КРдин чет өлкөдөгү мекемелеринин дипломаттарынын атынан кычкылтек концентраторлору тапшырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бул Кыргызстандын аймагында СOVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу үчүн аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында аткарылган.

Оторбаева: быйыл сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат

Концентраторлорду Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берди.

Сатылып алынган 49 медициналык аппараттын 15и президент жана өкмөттүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасына, калган 34ү Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылган. Маалыматта аталган ведомство концентраторлорду муктаждыгына ылайык өлкөдөгү дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилери айтылган.

Соңку маалыматтар боюнча, Кыргызстанда өткөн суткада коронавирусту 247 бейтап жеңсе, кайра 125 адам аны илештирип алды. Бактыга жараша, оорудан каза болгондор катталган жок.