Япониянын премьери Синдзо Абэ оорудан улам кызматтан кетүүнү чечти

24-август күнү Абэнин премьерликти аркалап келе жатканына туура 2 799 күн болгон. Бул Япониянын тарыхындагы өкмөттү эң узак башкарган мөөнөт болуп эсептелет.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. – Sputnik. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу отставкага кетүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу NHK телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Өкмөт башчынын акыркы күндөрү ооруканага эки ирет барганы айтылууда.

"Синдзо Абэ бир топ жылдан бери жоон ичегинин сезгенүүсү илдетинен жабыркап жүрөт. Дал ушул оорунун айынан ал 2006-жылы өкмөт башчылык кызматын таштоого аргасыз болгон. Дарыланган соң илдет басаңдап, кайра 2012-жылы премьер-министр болуп дайындалган", — деп айтылат билдирүүдө.

Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди

Маалыматта Абэ акыркы текшерүүлөр маалында өнөкөт оорусу күчөй баштаганын билгени кабарланды.

"Бул илдет жанды кыйнаган оору менен коштолгондуктан, премьер ишке тоскоол болорун билип, кызматтан баш тартканы жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

24-август күнү Абэнин премьерликти аркалап жатканына туура 2 799 күн болгон. Бул Япониянын тарыхындагы өкмөттү эң узак башкарган мөөнөт болуп эсептелет.