Коронавирус күчөп турган учурда Россиядагы мекендештер да абдан ынтымактуу болуп, элчиликке жардам берип жатышты. Бирок арасында биздин атыбызды жамынып шылуундук иш жасагандар да болбой койгон жок. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россиядагы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү жетектеген атайын комиссия түзүлүп, шылуундарды аныктоо боюнча аракеттер жүрүп жатат.
"Пандемия болуп эл кыйналып турганда абалдан пайдаланып кеткен кыргызстандыктар да болду. Коронавирус күчөп турганда социалдык тармактарда "элчиликке билет алууга акча бергем" жана башка себептер менен акча бергем деген жарыялар пайда боло баштады. Биз бул ишти жөн калтырбай атайын иликтөөчү комиссия түздүк. Учурда эмгек мигранттарына мекенге кетүү үчүн авиабилет алып берүүнү убадалап же транспорт табууга сөз берип, гуманитардык жардам үчүн акча чогулткан 8-9 шылуун кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Тилекке каршы, кайра эле ошол алданган мекендештерибиз "кой, жердешим эле", "тууган экенбиз" деп тосмо арыз жазып, күнөөкөрлөрдү куткарып калуу айласын көргөндөрү да жок эмес", — деди Жекшенкулов.
Ал пандемия учурунда кандайдыр бир алдамчылыкка кабылган жарандар болсо түз эле элчиликке кайрылып, жардам алса болорун кошумчалады.