Активист: майыптыгы бар адамдар "Коопсуз шаар" сыяктуу системада иштесе болмок

Турдугулов майыптыгы барларды биринчи кезекте IT тармагында окутуп, иштетүү керектигин айтты. Анткени муну менен алар КРде эле эмес, дүйнө жүзүндө иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Активист Аскар Турдугулов Кыргызстандагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер кайсы тармакта иштөөгө кудурети жетерин Sputnik радиосуна айтып берди.

Турдугулов белгилегендей, көпчүлүк мекеме жана компаниялар аралыктан иштөөнү уюштуруу менен майыптыгы барларды жумуш менен камсыз кыла алышат.

"Бизде үч буттуу "треногдордун" жардамы менен жолдо автоунаалардын ылдамдыгын карап текшерген автокөлүктөр турат. Ал жактагылар бир күн бою автоунаада отуруп алып, баарын фиксация кылып, эреже бузгандарды ЖКККББга жиберип турушат. Жумушту эки жакка баспай эле бүтүрүшөт. "Коопсуз шаар" системасы деле ошол сыяктуу. Майыптыгы барлар колл-борборлордо да иштей алышат. Мындан сырткары, аталган борбордо иштеген операторлорубуз бар. Мисалы, азыр БШКда биздин балдар оператор болуп иштеп жатышат. Айтор, отуруп иштеген жумуштун баары биздин майыптыгы бар адамдарга ылайыктуу", — деди Турдугулов.

Ал мындай жарандарды биринчи кезекте IT тармагында окутуп, иштетүү керектигин кошумчалады. Анткени муну менен алар КРде эле эмес, дүйнө жүзүндө иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.