Караколдо тойдун кортежин коштоп чыккан айдоочулар жазаланды. Видео

Социалдык тармактарда шаардын ичинде балдар автоунаанын терезесинен башын чыгарып кыйкырып бараткан видео тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Каракол шаарында үлпөт тойго чыккан кортеждин айдоочуларына жол эрежесин одоно бузганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

26-августта социалдык тармактарда шаардын ичинде жол эрежесин бузуп, коомдук тартипти сактабай, автоунаанын терезесинен башын чыгарып кыйкырып бараткан балдардын видеосу тараган.

Бишкекте автоунаалар менен жарышка түшкөн троллейбус. Айдоочусу жазаланды. Видео

Ошол эле күнү жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган инспекторлор шаардын "Жеңиш" паркынан автоунаанын айдоочуларын кармаган.

"Honda Fit менен Daewoo Nexia автоунааларын 20 жаштагы жигиттер башкарып бара жатканы белгилүү болду. Экөө тең Каракол шаарынын тургундары. Аларга 124-берене ("Автобейбаштык") боюнча протокол толтурулуп, 7 500 сомдон айып пул салынды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми автоунаалары айып короого киргизилген.