БШК "Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү боюнча Жогорку сотко кайрылат

Кечээ Бишкек шаардык административдик соту БШКнын чечимин жокко чыгарып, ишти "Кыргызстандын" пайдасына чечип берген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Кыргызстан" партиясын шайлоо жарышынан четтетүү боюнча Жогорку сотко кайрылат. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, БШК "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, жарыштан четтетүү тууралуу чечимин кабыл алган. Партия буга макул болбой Бишкек шаардык административдик сотуна даттанган. Ишти 27-августта судья Чолпон Досманбетова карап, БШКнын чечимин жокко чыгарган.

"Боршайкомдун чечими көпчүлүктүн добушу менен мыйзамдуу түрдө кабыл алынган. Биз ошол принципти карманабыз. Шаардык административдик соттун чечими боюнча Жогорку сотко даттанабыз", — деди Шайлдабекова.

"Кыргызстан" партиясынын шайлоодон четтетилиши

БШК 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтеткен. Буга документти БШКга "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени, ал дагы толук эмес экени негиз болгон. Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Эльвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүргөн.