Боронов "Ак-Жол" чек ара пункту кандай оңдолуп жатканын көрүп келди. Сүрөт

Казакстан менен чектешкен бекетти модернизациялоо иши март айында башталган, ишти декабрга чейин бүткөрүү пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө жайындагы имараттын курулушун жана реконструкцияланып жаткан инфраструктурасын көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган пунктту модернизациялоо март айында башталган, ишти декабрга чейин бүткөрүү пландалууда. Жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Буга чейин "Ак-Жолдон" күнүнө 10-11 миң адам жана 800-1000 автоунаа өтүүгө мүмкүн болсо, модернизациялоо аяктаганда өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе көбөйөрү айтылды.

Боронов Бишкек ЖЭБдин иши менен таанышып, көмүр келе электигин сындады

"Көзөмөл-өткөрмө жайын заманбап техника жана жабдуулар менен камсыздоо каралган. "Ак-Жол" өткөрмө жайын реконструкциялоо экспортко чыгуучу ата мекендик ишканаларга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган", — деди Боронов.

Ошондой эле өкмөт башчы мамлекеттин имиджи туристтерди биринчи тосуп алган көзөмөл-өткөрмө жайларына да байланыштуу экенин айтып, реконструкциялоодо тышкы көрүнүшүнө да көңүл буруу керектигин белгилеген.