Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк салтанатына 2,7 млн. сом сарптады

31-август күнү борбордук аянтта Тез жардам кызматы, өрт өчүрүүчүлөр нөөмөттө турат. Шаардыктардын жана коноктордун коопсуздугу үчүн Бишкек милициясы тартипти тыкыр көзөмөлдөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо үчүн кандай даярдык көрүлүп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, шаар ичин кооздоо, иш-чаралар жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом жумшалды.

"Салтка айлангандай эле "Ала-Тоо" аянты, "Илбирс" имараты кооздолду. Борбордук көчөлөргө майрамдык баннерлер, желекчелер илинди", — деп айтылат билдирүүдө.

31-августта "Ала-Тоо" аянтына эл чогулбайт, бирок президент чыгып куттуктайт

31-август күнү борбордук аянтта Тез жардам кызматы, өрт өчүрүүчүлөр нөөмөттө турат. Ошондой эле шаардыктардын жана коноктордун коопсуздугу үчүн Бишкек милициясы тартипти тыкыр көзөмөлдөйт.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүккө жеткенине 29 жыл толот. Бул майрам быйыл кантип белгиленерин Sputnik Кыргызстандын материалынан окусаңыз болот.