Бишкектеги батирден 78 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды

Улгайган аялдын сөөгү кечээ борбор калаадагы 7-кичи райондогу батирлердин биринен табылган. Аны куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкектеги батирлердин биринен 78 жаштагы кемпирдин сөөгү табылгандыгын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, көз жумган кемпирдин сөөгү кечээ, 27-августта, 7-кичи райондогу №18 үйдүн бириндеги батирден табылган. Куткаруучулар үйдүн бекилип калган эшигин ачканда көрүп калышкан.

Өмүрдү алган 200 сом. Өзгөндө таксист жигитти муунтуп, сөөгүн өрттөп кетишкен

Маркумду ӨКМ кызматкерлери милицияга өткөрүп берилгени айтылды.