Бишкектеги үйлөрдүн биринде 5 килограммга жакын баңгизат табылды

Тинтүүгө алынган үйдө жалпы салмагы 4,6 килограмм нашаа, марихуана жана героин табылды. Ошондой эле маңзаттарды колдонуу үчүн кальян аппараты, шприц сыяктуу буюмдар алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги үйлөрдүн биринен жалпы салмагы 4,6 килограммга жеткен маңзаттын бир нече түрүн тапты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Аталган кызмат буга чейин наркотикалык заттарды даярдоо жана сатуу боюнча кылмыш ишин каттоого алган. Сотко чейинки өндүрүштүн негизинде борбор калаадагы үйлөрдүн бири тинтүүгө алынган.

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Сүрөт

"Анда жалпы салмагы 4,6 килограмм нашаа, марихуана жана героин табылды. Ошондой эле маңзаттарды колдонуу үчүн кальян аппараты, шприц сыяктуу буюмдар алынды. Шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну колго түшүрүлүп, иликтөө иштери башталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан билдиришкендей, учурда анын өнөктөштөрүн аныктоо боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат.