Баткенде оору азайып, күндүзгү стационардын бардыгы жабылды. Сүрөт

Вируска кабылган бейтаптар үчүн аймакта жүздөн ашуун имаратта бир жарым миңдей орун даярдалган. Соңку жумада күндүзгү стационарга бир да жаран кайрылган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Баткен облусунда коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптардын саны азайгандыктан алар үчүн ачылган күндүзгү дарылануучу жайлардын бардыгы эшигин жапты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеде айтылгандай, буга чейин бейтаптар үчүн күндүзгү стационар 133 имаратта ачылып, 1 613 орун даярдалган.

"Бүгүн, 28-августта, алар толугу менен жабылды. Анткени акыркы бир жума ичинде күндүзгү стационарга бир да жаран кайрылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте акыркы стационар жабылды

Ошондой эле күз-кыш мезгилдерине божомолдонгон оорунун экинчи толкунун эске алуу менен стационардагы шарттар толугу менен сакталары белгиленди.

Эске сала кетсек, акыркы маалымат боюнча, Баткенде коронавирус жуктургандардын саны 2 296га жетти.