Сентябрда дагы бир вакцина даяр болот. Путиндин маегиндеги маанилүү учурлар

Россиянын президенти бул жолку маегинде учурдагы маанилүү темаларга токтолуп, алардын бири коронавируска каршы вакцина тууралуу дагы кенен айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин "Россия 24" телеканалына маек берип, өлкөнүн экономикалык абалы, коронавирустун кесепети жана күрөшүү жолдору тууралуу айтты. Ошондой эле Беларуста түзүлгөн кырдаал боюнча дагы өз пикирин билдирди.

Путиндин маегинин өзөгүн түзгөн урунттуу учурларду сунуштайбыз:

  • Беларуска жардам тууралуу. Москванын Минск алдында коопсуздук тармагы боюнча милдеттенмеси бар. Бирок Александр Лукашенко менен абал көзөмөлдөн чыгып кетмейин аны колдонбой турууну сүйлөштүк;
  • Беларустагы кармалгандар тууралуу. Беларуста орус жарандарынын кармалышы — бул Украина менен АКШнын атайын кызматтарынын биргелешкен операциясы;
  • Экономика тууралуу: Россия экономикадагы эң кыйын учурларды артта калтырды. Келерки жылы бардыгын калыбына келтиребиз;
  • Жаңы вакцина тууралуу: Россиянын коронавируска каршы экинчи вакцинасы сентябрь айында даяр болот;
  • Вакцинага көзөмөл тууралуу: COVID-19га каршы вакцина мыйзам чегинде катуу көзөмөлдө сыналды;
  • Кызынын ыктыярчы болгону тууралуу: Россиянын коронавируска каршы вакцинасы туруктуу иммунитет пайда кыларын далилдеди. Препаратты сыноого ыктыярчы болгон кызымдын организминде антитело пайда болду. Кудайга шүгүр, абалы жакшы;
  • Коронавирус тууралуу: Вирустун экинчи толкуну болбойт деп үмүттөнөм. Ал эми COVID-19 кайра жанданган Европа жана башка өлкөлөр аны жеңерине ишенем;
  • Европадагы коронавирус тууралуу: Өзүмчүлдүк жана көпчүлүктүн кызыкчылыгын баалабастык айрым өлкөлөрдө вирустун кескин жайылып кетишине алып келди;
  • Өлүмдүн аздыгы тууралуу. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча алдыңкы саптарга чыкса дагы, бактыга жараша, өлүмдүн саны анча көп болгон жок;
  • Коопсуздук тууралуу: Коронавирус эч жакка кеткен жок. Андыктан ыңгайсыздыктарга карабай эрежелери карманып, өзүбүзгө сак бололу.