БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевге Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) жаңы статус ыйгарылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Telegram-каналы маалымдады.
Абройлуу наамдын берилгени тууралуу БУУнун Генералдык Ассамблеясынын атайын сессиясында жарыя кылынган. Статус "Тынчтыктын чемпиону, өзөктүк сыноолорго көз каранды эмес" деп аталат. Элбашы бул наамды 29-августта белгиленүүчү Өзөктүк сыноолорго каршы эл аралык күндүн урматына алган.
Нур-Султанда Елбасы университетинин алдына Назарбаевдин айкели коюлду. Сүрөт
Назарбаев өзөктүк сыноолорго каршы жасаган демилгеси менен таанымал. 1991-жылдын 29-августунда анын чечими менен дүйнөдөгү эң ири деп эсептелген Семипалатинскидеги өзөктүк полигон жабылган.