БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. TikTok социалдык тармагынын колдонуучулары америкалык реперлер Megan Thee Stallion жана Карди Бинин "WAP" аталышындагы ыры менен коштолгон челленджди кайталайм деп жаракат алып, ооруканага түшүп жатат. Бул тууралуу The Daily Mail жазды.
TikTok сервисинде алгач бийди кесипкөй хореограф Брайан Эсперон аткарып чыккан.
Бул видео аз убакытта эле элге тарап, 3,7 миллион жолу көрүлгөн. Көп өтпөй колдонуучулар аны туурап видео тарта баштаган. Бирок көбү кыймылды бийчидей өздөштүрүп кете албай, ал тургай жаракат алышкан.
Маселен, ib_bbbbbbb аккаунтунун ээси видео тартып жатканда кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Кийинки кадрда кыз бутун ооруксунтуп алып, оорукана жатканы белгилүү болду.
Флешмобдун андан кийинки колдонуучусу колун сындырып алган. Ал бий учурунда башка бирөөнүн бутуна чалынып жыгылган.
"Апам челленджди кайталайм деп жатып колун кокустатып алды. Анда туулган күндү майрамдап жатканбыз", — деп жазган жабыркаган аялдын кызы.
Кийинчерээк ырдын аткаруучусу Карди Би мындай окуялар боюнча үн каткан. Ал Instagram тармагына бийлейм деп жаракат алган аялдын видеосун жүктөп, колдонуучуларды этият болууга чакырган.