Бул жылы окуучулардын формасы кандай болот? Министрдин жообу

Билим берүү жана илим министри чечим кабыл алардан мурда ата-энелер менен акылдашканын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Келе жаткан окуу жылында Кыргызстандын окуучуларына бирдей форма кийүү талабы коюлбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

"Бул тема катуу талкууланып жатат. Эмне себептен окуучуларды бирдей форма кийүүгө милдеттендирген жокпуз? Себеби айрым мектеп жетекчилери тигүү цехтери менен сүйлөшүп алып андан пайда көрүшөт. Ар ким өз кызыкчылыгына чуркабашы үчүн окшош форма кийүү талабын алып салдык. Бул үчүн мени сындашты. Бирок мектепте үстү ак (көйнөк), алды кара (шым, юбка) деген классикалык форма көптөн бери бар. Чечим кабыл алардан мурда биз ата-энелер менен акылдаштык", — деди Исаков.

Ал окуучуларга окшош форма кийгизели деген мектеп жетекчилеринин өз кызыкчылыктары бар экенин белгилеп кеткен.