16-августта Дыйкан – Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында (Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кениндеги аймак) таш кулап, 300 миң куб метр көлөмүндөгү жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсыкка нөшөр жана карьерлерде жүргүзүлгөн жардыруу иштери себеп болгону айтылат. Натыйжада трасса толугу менен жабылып, электр мамычалары талкаланган. Мындан улам көмүр казган төрт компания электр энергиясыз калган.
Боомдогу чоң жолду каптаган сел. Бийиктен тартылган сүрөт, видео
"Чыгыш электр" ишканасы Кара-Кече көмүр кенине электр кубатын берүү боюнча ишти тийиштүү министрликтердин уруксаты менен баштарын билдирет.
“Тийиштүү органдар жер көчкүнүн жана таш кулоонун кесепеттерин жойгондон кийин, "Чыгыш электр" ишканасынын адистери электр зымдарындагы аварияны жоюуга киришет. "Чыгыш электр" ишканасынын Нарындагы филиалынын жетекчилиги жеринде болуп, абалды көрүп чыккан. Кара-Кече көмүр кенине барган электр чубалгыда эки таяныч мамысы жер көчкү алдында калган. Азыркы тапта кырсык болгон аймакта маал-маалы менен таш кулап, ал жерде иштөө кооптуу болуп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Жер көчкү болгон аймакта азыркы тапта Өзгөчө кырдаалдар, Транспорт жана жолдор министрлигинин, ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жеринде тийиштүү аракеттерди көрүп жатат.