Кыргызстанда орто кесиптик билими бар кайсы адистер жумушсуз калбайт

2016-жылдан тартып жаштарга кесиптик багыт берүү системасын өнүктүрүү концепциясы ырааттуу иштеп жатат. Жыл сайын орто кесиптик окуу жайларына 25-30 миң студент кабыл алынат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстанда орто кесиптик билим берген окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан техникалык билим алгандар иш менен көбүрөөк камсыз болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

2016-жылдан тартып жаштарга кесиптик багыт берүү системасын өнүктүрүү концепциясы ырааттуу иштеп жатат. Маалыматта жыл сайын орто кесиптик окуу жайларына 25-30 миң студент кабыл алынары айтылат. Орто кесиптик билим берүү системасында ишке орношуунун пайызын жогорулатуу үчүн бүтүрүүчүлөргө байкоо жүргүзүү методологиясы ишке киргизилген.

Иш издеп жатасызбы? Жумушу жоктор үчүн жаңы сайт ачылды

"Бүтүрүүчүлөрдү сурамжылоо учурунда мындай окуу жайларды бүтүрүп чыккан улан-кыздардын 40-70 пайызы иш менен камсыз болгону билинди. Өзгөчө тамак-аш жана жеңил өнөр жай технологиялары жаатындагы, ошондой эле инженердик-техникалык жана курулуш профилиндеги адистер жумушсуз калган жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Орто кесиптик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнүн 30 пайыздан ашыгы окуусун улантуу үчүн ЖОЖдорго тапшырууда.