Кыялы бир топ аял. Галкиндин Пугачевага канча миллион рубль жумшары айтылды

Алла Пугачева учурда иштегенди каалабайт, анын ордуна неберелери, балдары менен алек болгонду жакшы көрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Шоумен Максим Галкиндин жубайы, атактуу ырчы Алла Пугачеваны камсыздоого айына 10 миллион рублга жакын акчасы кетет. Бул тууралуу РИА Новости продюсер Андрей Разинге шилтеме кылып жазган.

"Эгерде Примадонна Галкиндин акчасы жок экендигин билсе, аны кууп чыгат же азыр жашап турган Грязь аймагынан өзү көчүп кетип калат. Мен аны көп жылдан бери билем, бай турмушка көнгөн, мүнөзү оор аял", — деген Разин.

Анын айтымына караганда, Пугачева иштегенди каалабайт, анын ордуна неберелери, балдары менен алек болгонду жакшы көрөт. Учурда Галкинге киреше мурдагыдай түшпөй калган, демек, акча жагынан кыйналып жаткан учуру. Буга коронавирус пандемиясы өзүнүн таасирин тийгизди. Анын үстүнө аялынын чыгымдары да кошул-ташыл болууда.

Максим Галкин Алла Пугачева менен ажырашты деген кепке жооп берди

Разин шоумендин AliExpress рекламасына тартылышына да ушул жагдай себепкер болгондугун ырастаган.

Ал Галкиндин финансылык абалы мындан да начарласа, Подмосковьедеги үйүн сатышы мүмкүн экендигин айткан. Бирок бул тамдарга азыр суроо-талап анча көп болбогондуктан, артистке акчалай жактан жеңилдик алып келиши күмөн экендигин кошумчалаган.