Бишкекте акыркы стационар жабылды

Пандемия убагында күндүзгү жана түнкү стационарлар жалпысынан 106 миң 222 шаар тургунуна медициналык жардам көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги спорт ордосунда ачылган күндүзгү стационар акыркы бейтапты сакайтып, үйүнө узатты. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Эртеңден тарта ал жабылат. Андагы медициналык жабдуулар, керебеттер жана башка инвентарлар сакталып, дезинфекциялоо жана кварцтап тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Пандемия убагында күндүзгү жана түнкү стационарлар жалпысынан 106 миң 222 шаар тургунуна медициналык жардам көрсөткөн. Бишкектиктердин ден соолугуна кам көрүү үчүн Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медицина кызматкерлери, санитарлар, ыктыярчылар болуп, жалпысынан 250 киши иштеди.

Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынмай болду

Бишкек мэриясы элдин ден соолугу үчүн күрөшкөн ар бир дарыгерге, медицина кызматкерлери менен ыктыярчыларга ыраазычылык билдирген.

Ошол эле маалда шаарда эпидемиологиялык абал жакшырып баратканы менен коомчулукту ден соолукка кам көрүп, сак болууну, ооруп калган учурда өз алдынча дарыланбастан дарыгерге кайрылуусун эскертет.