Тарыхта биринчи жолу байлыгы 200 млрд доллардан ашкан киши белгилүү болду

Пандемия учурунда ишкердин баалуу кагаздарынын наркы 55 пайыздан көбүрөөк өссө, жыл ичинде байлыгы 86 миллиард долларга көбөйгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Amazon компаниясынын жетекчиси Жефф Безос тарыхта алгачкы жолу байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан адам болду. Бул тууралуу Forbes журналы миллиардерлердин байлыгына көз салып турган өзүнүн Forbes Real-Time басылмасына шилтеме берип жазды.

Шейшемби күнү Amazon акцияларын соодалап, натыйжада Безостун байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан. Бирок бүтөрдө баа бир аз ылдыйлаган. Шаршемби күндөгү рейтинг боюнча Безостун байлыгы 199,7 миллиард долларга бааланган.

Илон Масктын супермодель апасы кантип миллиардерди тарбиялаганын айтып берди

Пандемия учурунда ишкердин баалуу кагаздарынын наркы 55 пайыздан көбүрөөк өссө, жыл ичинде байлыгы 86 миллиард долларга көбөйгөн.

Жефф Безос 2018-жылдан бери Forbes версиясы боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунда. Рейтингде экинчи сапты 115,5 миллиард долларлык байлыгы менен Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс ээлеген. Үчүнчүгө LVMH (Louis Vuitton Moet Hennessy) компаниясынын генералдык директору Бернар Арно илинген, анын мүлкү 113,2 миллиард долларга барабар.

Кытайлык миллиардер адам саны көбөйбөсө дүйнөдө чоң көйгөй жараларын эскертти

Amazon — дүйнөдөгү эң ири онлайн-ритейлердин бири. Компания АКШ, Канада, Кытай, Бразилия, Япония жана Европа өлкөлөрүндө иш алып барат. Amazon.com интернет-дүкөнү 1995-жылы июлда ачылган.