Танк биатлонунда Кыргызстандын экинчи экипажы күч сынашты. Видео

Танк биатлону боюнча АрМИ мелдеши — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Кыргызстан бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АрМИ–2020 танк биатлонуна катышып жаткан Кыргызстан командасынын экинчи экипажы группалык этапта 3-орунду алды.

Кечээ биринчи экипаж таймашка түшүп, алар дагы 3-орунду ээлеген. Бирок экинчи экипаж беш бутанын төртөөнө тийип, ылдамдыгы дагы батыраак болуп, биринчиге караганда жакшыраак жыйынтык көрсөттү.

Бүгүнкү таймаштагы жыйынтык:

  • Россия — 21 мүнөт 16 секунд, беш бутанын баарына ок тийди;
  • Казакстан — 25 мүнөт 20 секунд, беш бутанын баарына ок тийди;
  • Кыргызстан — 25 мүнөт 55 секунд, беш бутанын төртөөнө ок тийди;
  • Өзбекстан — 30 мүнөт 11 секунд, беш бутанын бирине гана ок тийди;

Кыргызстан "Танк биатлонуна" катышты. Видео

Танк биатлону боюнча АрМИ мелдеши — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Ага ондогон өлкөнүн аскерлери катышат. Былтыр Россиянын, Ирандын жана Армениянын командалары кирген өз тайпасында Кыргызстан экинчи орунду алган. Өлкө бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда.